23 апрель 2026
Кароолор: 11
Облус башчысы «Кызыл-Кыя уну» ишканасынын иши менен таанышты
Облус башчысы «Кызыл-Кыя уну» ишканасынын иши менен таанышты
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Кызыл-Кыя уну» ишканасына барып, анын өндүрүш ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган ишкананын курулушуна жетекчилиги тарабынан 750 миң АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салынган. Бүгүнкү күндө ишкана шаардагы туруктуу иштеп жаткан өндүрүш ишканаларынын катарына кирет.
Ун чыгаруучу ишканада учурда 15 жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 45 тонна ун чыгарууга жетет. Өндүрүлгөн продукция негизинен Баткен жана Ош облустарынын аймагында сатылууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамыржан Рахимов ишкананын өндүрүш процесси, колдонулуп жаткан технологиялар жана даяр продукциянын сапаты менен таанышып, ишкананын ишин мындан ары кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү багытында сунуш-пикирлерин билдирди.
Мындай өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, калкты жумуш менен камсыздоого жана жергиликтүү рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылууга олуттуу салым кошору белгиленди.